# КР Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы ПЖ № 131 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы ПЖ № 131 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4837/edition/489983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы ПЖ № 131 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" жарлыгы (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60660

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 17-августу ПЖ № 131 Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, баңгизаттарын жеткирүүнүн каналдарын жоюу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн базасында түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кызмат баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүргүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы адистештирилген укук коргоо органы болуп эсептелет;

- Кызматтын штаттык саны 262 аттестациядан өткөн курам жана 33 жарандык, тейлөөчү персонал болот;

- улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарында баңгизат кылмышы менен байланышкан кылмыштар боюнча оперативдүү-издөө иштерин жана тергөө жүргүзүү укугу калтырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигин жоюуга байланыштуу бекитилген жоюу комиссиясынын актысына ылайык мурда кабыл алынган имараттарды, автомобиль паркын, куралдарды жана ок-дарыларды, материалдык-техникалык баалуулуктарды, документтерди, финансыны жана штаттык бирдиктерди Кызматка өткөрүп беришсин;

- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.

4. Кызмат бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- Кызматтын жобосунун, башкаруу схемасынын, түзүмүнүн долбоорлорун иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин;

- ушул Жарлыкка ылайык башка чарларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кызматтын ишин финансылык, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелерин чечсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
