# КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4820/edition/383795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө" жарлыгы (11.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 11-августу ПЖ № 112 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 16-августундагы ПЖ № 130 жарлыгынын редакциясына ылайык) 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жиберилсин:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Үсөнов Канатбек Садыкович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Саатов Таалайбек Жапарович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Садырова Чынара Идрисовна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Карабеков Алмаз Маматбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Амиракулова Замира Тилебалдиевна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн.

(КР Президентинин 2010-жылдын 16-августундагы ПЖ № 130 жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
