# КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4818/edition/439630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгы (07.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60641

---

К Р Президентинин 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 11-августу ПЖ № 110 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу мамилелерин тартипке салуу максатында, 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Жумалиев Муктар Кабылбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин биринчи орун басары,Комиссиянын төрагасы;

Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Сатыбалдиев Дүйшөн Туйбасович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору;

Бараканова Салтанат Нурдиновна - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин этностук кыргыздар жана келгиндер менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги;

Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Бекенов Марат Эсенбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары; Майкозов Касымбек Асыпбекович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы № 36 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-февралындагы № 66 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 88 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-майындагы № 239 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
