# КР Президентинин 2010-жылдын 4-августундагы ПЖ №87 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 4-августундагы ПЖ №87 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4797/edition/371371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 4-августундагы ПЖ №87 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыгы (04.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60620

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 4-августу ПЖ №87 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан запаска бошотулсун.

2. 2010-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик бөлүктөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка, ошондой эле альтернативдик кызматка чакырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттөгү аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуунун мөөнөттөрүн, жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруунун тартибин аныктасын.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
