# КР Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы ПЖ №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы ПЖ №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4754/edition/512163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60576.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы ПЖ №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгы (04.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60576

---

КР Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ №161 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 16-июлу ПЖ №41 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Мамлекеттик чек араны коргоону жана сактоону чыңдоо, эл аралык бандиттик түзүмдөрдүн кирип келүү коркунучуна каршы аракеттенүү, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына наркотикалык каражаттардын жана куралдын мыйзамсыз алынып келиниши менен натыйжалуу күрөшүүнү жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик органдардын функцияларын оптималдаштыруу үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Функцияларды, тиешелүү штаттарды, документтерди жана материалдык-техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында штаттык саны 6381 адам, анын ичинде аскер кызматчылары - 5812 адам, жаран кызматкерлер - 569 адам, жайгашкан жери Ош шаары болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскерлери түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы өткөрүлүп берилген функцияларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын укугун мурастоочу болуп саналаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын чек ара аскерлеринин командачысы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн жана өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
