# КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4729/edition/437273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" жарлыгы (16.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60550

---

(КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 12-июлу ПЖ № 14 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232, 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын жетекчилиги менен төмөнкүдөй администрациялык ведомстволор иштээри аныкталсын:

а) мамлекеттик агенттиктер:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик;

б) мамлекеттик кызматтар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

в) фонддор:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду. (КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөртүп түзүлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары өткөрүп берилсин:

- "Кыргыз Туусу" басма үйү;

- "Слово Кыргызстана" басма үйү;

- "Эркин-Тоо" гезити.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
