# КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №11 "2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №11 "2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4726/edition/1202829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №11 "2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу" жарлыгы (12.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60547

---

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 12-июлу ПЖ №11 2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө боюнча жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча төмөнкү курамдагы Улуттук комиссия (мындан ары-Комиссия) түзүлсүн:

Эркебаев А.

- Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын УИА академиги,

Комиссиянын төрагасы

Фаттахов Б.А.

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча

Кыргыз Республикасыньшулуттук агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, Комиссиянын төргасынын орун басары

Орозалиев В.К.

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысыны

орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы

Табалдиев Б.Б.

- УӨнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары-Коргоо, коопсуздук,

укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы

Атаханов Ш.Е.

- «Кыргызстан» КПФнун Кеңешинин төрагасы

Асанканов А.

- Тарых илимдеринин доктору, профессор,

Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Арабаев атындагы КМУнун тарых боюнча окутуучусу

Балыкин В.В.

- Генерал-майор, Кыргызстандарт

Жекшеев Ж.

- Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты

Жураев Б.

- Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты

Касиев Н.К.

- Улуттук онкология борборунун директору

Князев А.А.

- Тарых илимдеринин доктору, политолог, Кыргыз-Россиялык

славян университетинин политология кафедрасынын жана эл аралык журналистика кафедрасынын профессору

КадыроваР.К.

- Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду

Мураталиев Ч.Д.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын

кызматкери, коопсуздук маселеси боюнча эксперт

Молдалиев О.А.

- Коопсуздук маселеси боюнча эксперт

Юсупов А.

- Кыргыз-өзбек университетинин кафедра башчысы,

экономика илимдеринин кандидаты

Мирзахметов Н.О.

- Базар-Коргон райондук оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы

Молдошев З.М.

- Генерал-майор

Мамбетов К.

- Саламаттык сактоо министринин орун басары

Насиза С.Х.

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын

уюштуруучулук-инспекциялык башкармалыгынын начальниги

Пятибратова А.Я.

- «Эхо Оша» газетасынын редакциясынын кызматкери

Сабиров Р.А.

- Кыргызстандагы тажик коомунун төрагасы

Сапарбаев А.

- Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы

Элебаева А.

- Философия илимдеринин доктору, профессор

Жусупбеков А.

- Философия илимдеринин доктору

Нарматов А.

- Ислам университетинин ректору

Сагынбаев Л.С.

- Коомдук ишмер

Талипов В.Т.

- Ош облустук ардагерлер кеңешинин мүчөсү

Токсонбаев А.С.

- «Азаттык» радиосунун кабарчысы

Токтакунов Н.А.

- «Прецедент» өнөктөштүк тобунун төрагасы

Абдрасулова А.

- ОО «Кылым шамы»

2. Комиссия:

- 2010-жылдын 10-сентябрына чейин болуп өткөн окуялар боюнча тийиштүү корутундуну Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;

- закрылчылыкка жараша ишке министирликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле эл аралык эксперттерди жана консультаттарды тартсын;

- Комиссиянын аткарган иштеринин жыйынтыгы менен коомчулукту жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тааныштырсын.

3. Ош, Жалал-Абад облустарына чыккан учурда чыгымдар жана транспорт жагынан камсыз кылуу Өкмөттүн Аппаратынын каражаттарынын эсебинин жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ош жана Жалал-Абад облустарынын комендаттары иш учурунда Комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылышсын.

5. Мамлекеттик органдардын жетекчилери Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
