Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №11 «2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года УП № 408 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-07-12.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 12-июлу ПЖ №11 2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө боюнча жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча төмөнкү курамдагы Улуттук комиссия (мындан ары-Комиссия) түзүлсүн:
Эркебаев А.
- Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын УИА академиги,
Комиссиянын төрагасы
Фаттахов Б.А.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча
Кыргыз Республикасыньшулуттук агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, Комиссиянын төргасынын орун басары
Орозалиев В.К.
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысыны
орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы
Табалдиев Б.Б.
- УӨнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары-Коргоо, коопсуздук,
укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы
Атаханов Ш.Е.
- «Кыргызстан» КПФнун Кеңешинин төрагасы
Асанканов А.
- Тарых илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Арабаев атындагы КМУнун тарых боюнча окутуучусу
Балыкин В.В.
- Генерал-майор, Кыргызстандарт
Жекшеев Ж.
- Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты
Жураев Б.
- Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты
Касиев Н.К.
- Улуттук онкология борборунун директору
Князев А.А.
- Тарых илимдеринин доктору, политолог, Кыргыз-Россиялык
славян университетинин политология кафедрасынын жана эл аралык журналистика кафедрасынын профессору
КадыроваР.К.
- Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду
Мураталиев Ч.Д.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын
кызматкери, коопсуздук маселеси боюнча эксперт
Молдалиев О.А.
- Коопсуздук маселеси боюнча эксперт
Юсупов А.
- Кыргыз-өзбек университетинин кафедра башчысы,
экономика илимдеринин кандидаты
Мирзахметов Н.О.
- Базар-Коргон райондук оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы
Молдошев З.М.
- Генерал-майор
Мамбетов К.
- Саламаттык сактоо министринин орун басары
Насиза С.Х.
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын
уюштуруучулук-инспекциялык башкармалыгынын начальниги
Пятибратова А.Я.
- «Эхо Оша» газетасынын редакциясынын кызматкери
Сабиров Р.А.
- Кыргызстандагы тажик коомунун төрагасы
Сапарбаев А.
- Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы
Элебаева А.
- Философия илимдеринин доктору, профессор
Жусупбеков А.
- Философия илимдеринин доктору
Нарматов А.
- Ислам университетинин ректору
Сагынбаев Л.С.
- Коомдук ишмер
Талипов В.Т.
- Ош облустук ардагерлер кеңешинин мүчөсү
Токсонбаев А.С.
- «Азаттык» радиосунун кабарчысы
Токтакунов Н.А.
- «Прецедент» өнөктөштүк тобунун төрагасы
Абдрасулова А.
- ОО «Кылым шамы»
2. Комиссия:
- 2010-жылдын 10-сентябрына чейин болуп өткөн окуялар боюнча тийиштүү корутундуну Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- закрылчылыкка жараша ишке министирликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле эл аралык эксперттерди жана консультаттарды тартсын;
- Комиссиянын аткарган иштеринин жыйынтыгы менен коомчулукту жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тааныштырсын.
3. Ош, Жалал-Абад облустарына чыккан учурда чыгымдар жана транспорт жагынан камсыз кылуу Өкмөттүн Аппаратынын каражаттарынын эсебинин жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ош жана Жалал-Абад облустарынын комендаттары иш учурунда Комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылышсын.
5. Мамлекеттик органдардын жетекчилери Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.