# КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4715/edition/383648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы (27.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60536

---

КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ N 65 Жарлыгына ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 5-апрели ПЖ № 109 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен талаптагыдай өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун байкоочу кеңешине Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчиси тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин төрт өкүлү, финансы министри, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү мамлекеттик органдардын таламдарын билдире тургандыгын эске алуу менен уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
