# КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4712/edition/392341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60533.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 105 "Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы (05.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60533

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 5-апрели ПЖ № 105 Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 2-бөлүгүнө ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

Абышкаев Чубак Садыковичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-апрелиндеги № 108 Жарлыгы менен Чүй облустук сотунун төрагалыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 394 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасы болуп которулган; Сакеев Дамир Ушурбековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-апрелиндеги № 108 Жарлыгы менен Ысык-Көл облустук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган; Эралиев Талайбек Каскаевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-апрелиндеги № 108 Жарлыгы менен Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган.

2. Бул Жарлык кол коюлган күлдөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
