Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 97 «Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 27-марты ПЖ № 97 Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган калктын кыйла начар корголгон топторуна кошумча мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайында көтөрүлгөн маселелерди чечүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы жана чек ара райондорундагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарга тарифтер жогорулаган шартта кошумча даректүү мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды даярдасын;
- социалдык колдоонун даректүүлүгүн күчөтүү менен аны көрсөтүүнүн механизмдерин жана калктуу конуштарды бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарга жана чек ара райондоруна кошуунун негиздүү критерийлерин иштеп чыксын жана бекитсин;
- бул ишке Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайынын делегаттарын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен бирдикте республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналарда социалдык-экономикалык маселелерди комплекстүү изилдөө жана чечүү, ал зоналарда жашаган калктын жашоо деңгээлин акырындык менен теңештирүү максатында жана финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен 2010-жылдын 1-декабрына чейин 2011-2014-жылдарга бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналарды жана чек ара райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо Программасын иштеп чыксын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172