# КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2010
- Редакциянын күнү: 15.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4693/edition/383452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы (15.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60513

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 15-марты ПЖ № 80 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде депутаттарды шайлоо 2010-жылдын 15-майына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акими шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
