# КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 74 "М.Р.Алимбеков, М.А.Кулчунов ж.б. жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 74 "М.Р.Алимбеков, М.А.Кулчунов ж.б. жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4688/edition/383367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 74 "М.Р.Алимбеков, М.А.Кулчунов ж.б. жөнүндө" жарлыгы (28.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60508

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 12-марты ПЖ №74

М.Р. Алимбеков, М.А. Кулчунов ж.б. жөнүндө

(КР Президентинин 2010-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 60 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө сунуштарын эске алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:

- Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Алимбеков Максатбек Раимжанович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кулчунов Мойдун Акулуевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Панкратов Сергей Сергеевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Садыков Асанбек - Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызматынан;

- Шакенов Сафарбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
