# КР Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 69 "Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 69 "Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4684/edition/350911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 69 "Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө"жарлыгы (05.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60504

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 5-марты ПЖ № 69 Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын саясый, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кабул шаарында жайгаштыруу менен Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айдын ичинде Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
