# КР Президентинин 2010-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4682/edition/1079760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы (25.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60502

---

КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ N 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 4-марты ПЖ № 67 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине ылайык, прокуратура органдарынын ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдүк боюнча ишти натыйжалуу уюштурууга дем берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин санынын чеги" деген 2-тиркеменин 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

| 1 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы | 1016 |
| --- | --- | --- |
|  | анын ичинде: |  |
|  | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбордук аппараты | 151 |
|  | Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр | 794 |
|  | Аскердик прокуратура органдары | 71 |

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген 5-тиркемесинде:

"аталышы" деген графанын 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы" деген сөздөр алып салынсын; "аталышы" деген графанын 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы" деген сөз менен толукталсын; Эскертүүнүн бешинчи абзацындагы "ишин тескейт." деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Башкы прокурордун орун басарларынын бири болуп саналат." деген сөздөр кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын штаттык санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
