# 3-статья. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/605)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 8-октябрындагы №207 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-571/edition/1212458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/605/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 3-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-3

---

Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери:

- Мамлекеттик күзөт объекттеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту болжолдоо жана айкындоо, бул коркунучту болтурбоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;

- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде президенттик жана өкмөттүк байланышты уюштурууну жана анын иштешин камсыз кылуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде терроризмге каршы күрөшүү;

- кайтарылуучу объекттерди коргоо;

- кайтарылуучу объекттерде кылмыштардын жана башка эреже бузуулардын алдын алуу, аларды табуу жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-4)
