Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-статья. Атайын каражаттарды жана куралды колдонуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери Мамлекеттик күзөт органынын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды жана куралды төмөнкүдөй учурларда:
а) Мамлекеттик күзөт объекттерине кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда;
б) Мамлекеттик күзөт органынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматчыларына кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда, граждандардын коопсуздугун камсыз кылууда же кызматчыларга көрсөтүлгөн каршылыкты четтетүүдө;
в) кайтарылуучу объекттерге кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда, ошондой эле аларды басып алуудан бошотууда;
г) укук бузуучуларды жана Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын жүктөлгөн милдеттерди аткарышына куралдуу каршылык көрсөтүүгө же тоскоолдук кылууга ниеттүү деп болжолдоого жетиштүү негиздер туудурган адамдарды кармоодо жана аларды ички иштер органдарына жеткирүүдө;
д) Мамлекеттик күзөт объекттеринин ишин бузган массалык тартипсиздиктерге жана топтошкон аракеттерге бөгөт коюуда;
е) Мамлекеттик күзөт объекттеринин же кайтарылуучу объекттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген транспорт каражатын токтотуу зарыл болгондо колдонууга укуктуу.
Кош бойлуу экени билинип турган аялдарга, ошондой эле майыптыгы ачык билинген адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды жана куралды колдонууга тыюу салынат, буга алар куралдуу каршылык көрсөткөн, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен топтошуп же башкача кол салган учурлар кирбейт. Зарыл коргонууда же өтө зарыл учурда Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери атайын каражаттар же курал жок болсо, колуна тийген ар кандай каражатты колдонууга укуктуу. Мамлекеттик күзөт органынын курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын жана куралдын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президенти белгилейт.
VI Глава Мамлекеттик күзөт органын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/605/st-22" title="22-статья - Мамлекеттик күзөт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>