# 20-статья. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/605)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 8-октябрындагы №207 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-571/edition/1212458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/605/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 20-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-20

---

Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууга укуктуу. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууда Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертип, мында өзүнүн мыйзамдуу талаптары аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө милдеттүү, буга кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууну кечиктирүү Мамлекеттик күзөт объекттеринин, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын, ошондой эле башка граждандардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган учурлар кирбейт. Эгерде мында зарыл коргонуу чегинен чыгууга жол берилбесе, ошондой эле өтө зарыл шарттарда, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары бул Мыйзамда каралган учурларда кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууга байланыштуу өзү келтирген адеп-ахлактык, материалдык жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Башка учурларда мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик келип чыгат. Мамлекеттик күзөт органынын бөлүмүнүн жетекчиси кара күч, атайын каражаттар же курал колдонулган бардык учурлар жөнүндө прокурорго билдирет. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-21)
