20-статья. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары
Күчүн жоготкон · 23.01.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууга укуктуу. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууда Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертип, мында өзүнүн мыйзамдуу талаптары аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө милдеттүү, буга кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууну кечиктирүү Мамлекеттик күзөт объекттеринин, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын, ошондой эле башка граждандардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган учурлар кирбейт. Эгерде мында зарыл коргонуу чегинен чыгууга жол берилбесе, ошондой эле өтө зарыл шарттарда, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары бул Мыйзамда каралган учурларда кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууга байланыштуу өзү келтирген адеп-ахлактык, материалдык жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Башка учурларда мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик келип чыгат. Мамлекеттик күзөт органынын бөлүмүнүн жетекчиси кара күч, атайын каражаттар же курал колдонулган бардык учурлар жөнүндө прокурорго билдирет. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/605/st-20" title="20-статья - Мамлекеттик күзөт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>