# 13-статья. Мамлекеттик күзөт органы тууралуу маалыматтарды коргоо

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/605)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 8-октябрындагы №207 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 226 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Службе государственной охраны Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203470)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/605#diff=1212462..1212463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-571/edition/1212458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/605/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 13-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-13

---

Мамлекеттик күзөт органынын кадрдык курамы жөнүндө, аларга купуялык негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу, аны ишке ашыруу тактикасы, ыкмалары жана каражаты жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер менен материалдар Мамлекеттик күзөт органынын архивинде сакталууга тийиш. Мамлекеттик күзөт органынын архивинин тарыхый жана улуттук баалу- улукка жаткан, мыйзамдарга ылайык ачыкка чыгарылган материалдары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив кызматынын архивдерине берилет. Мамлекеттик күзөт органында мамлекеттик сырды коргоо мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV Глава Мамлекеттик күзөт органынын кадрлары

---

Мурунку берене: [12-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-12-1)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-14)
