# 12-1-статья. Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/605)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 8-октябрындагы №207 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-12-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-571/edition/1212458/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 12-1-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-12-1

---

адамдардын укуктары жана милдеттери

Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

- купуя кызматташуунун шарттары жөнүндө контракт түзүүгө;

- өзүнүн тапшырмалары, укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;

- конспирация максатында инсандын шифрленген документтерин пайдаланууга;

- контрактта аныкталган учурларда сыйлык акы алууга.

Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- алардын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды алууга;

- эгер түзүлгөн болсо контракттын шарттарын сактоого;

- анык эмес маалыматтарды атайылап берүүгө жол бербөөгө;

- көмөк көрсөтүү процессинде ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат. Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктарынын кепилдиги жана социалдык жактан коргоо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-12)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-13)
