# 11-статья. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик күзөт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/605)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 8-октябрындагы №207 "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 марта 2009 года № 77 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Службе государственной охраны Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/605#diff=1212459..1212460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-571/edition/1212458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/605/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт жөнүндө, 11-статья (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-11

---

Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө:

- Мамлекеттик күзөт объекттерине жана кайтарылуучу объекттерге укукка жат кол салуулардын бетин ачууга, алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга;

- мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;

- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон коомдук тартипти кармоого;

- Мамлекеттик күзөт органынын ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган кырдаалдарды жоюуга;

- Мамлекеттик күзөт объекттери түшүп бараткан автотранспорт каражаттарын зарыл учурларда коштоону же эскорттоону камсыз кылууга;

- Мамлекеттик күзөт объекттерине алууда өз ыйгарым укуктарынын чегинде Президенттик жана өкмөттүк байланыш тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, анын ишенимдүүлүгүн, маалыматтык коопсуздугун жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;

- шифрлөө ишин жүргүзүүгө;

- кайтарылуучу объекттерде, ошондой эле Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде оперативдүү-техникалык, радиотехникалык, химиялык, өрткө каршы, санитардык-гигиеналык, экологиялык, радиациялык жана эпидемияга каршы контролду уюштурууга жана жүргүзүүгө;

- өз ишин маалыматтык-аналитикалык жактан камсыз кылууга;

- өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга;

- техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын чыгып кетишин тыюу боюнча чара көрүүгө;

- кадрларды даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө;

- финансылык-чарбалык иш жүргүзүүгө;

- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.

(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/605/st-12)
