# КР Президентинин 2010-жылдын 24-февралындага ПЖ №60 "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 24-февралындага ПЖ №60 "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4677/edition/1124678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 24-февралындага ПЖ №60 "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы жөнүндө" Жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60497

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 24-февралы ПЖ №60 "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы жөнүндө Маалымат саясатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңылануу жана реформа процесстерин жигердүү чагылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкын маалымат менен сапаттуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясын уюштуруу максатка ылайыктуу деп табылсын.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын уставы Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын сунушу боюнча бекитилет:

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эки айлык мөөнөттө:

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясын уюштурсун;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисинин сунушу боюнча "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын уставын бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан мүлктүк, финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы бир айлык мөөнөттө:

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын уставынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бекитүүгө киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

5. "Слово Кыргазстана" басма үйү жоюлсун.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- "Слово Кыргызстана" басма үйүн жоюу боюнча бардык зарыл иш-чараларды өткөрсүн;

- интеллектуалдык менчик объекттерин кошуп алганда "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн мүлкүн "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясына өткөрүп берсин;

- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте "Слово Кыргызcтана" басма үйүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясына берсин (өткөрсүн);

- ушул Жарлыктан келип чыккан мүлктүк, финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисине жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
