# КР Президентинин Жарлыгы 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Президентинин Жарлыгы 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4676/edition/489957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин Жарлыгы 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60496

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 19-февралы ПЖ №58 Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 46-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:

- ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы №352 "Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы №655 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндөгү" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-июнундагы №245 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №178 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июлундагы №152 буйругу.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Коллегия ├─────┤(төрага, статс-катчы,├────┤ └─────────────────┘ | орун басар) | Жетекчилик └────────────────┘ |  | Эксперттик кеңеш |
| Борбордук аппарат |  |  |  |  |
