Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №55 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 16 июня 2011 года УП № 139 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-16.
КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ №139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 17-февралы ПЖ №55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк кылуу мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык 2009-жылдын 26-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу…Указ · 26.10.2009 · № 425
- КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 16.06.2011 · № 139
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон