# КР Президентинин 2010-жылдын 16-февралындагы ПЖ №51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 16-февралындагы ПЖ №51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4669/edition/442512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 16-февралындагы ПЖ №51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" Жарлыгы (18.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60489

---

КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 16-февралы ПЖ № 51 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу Чек ара кызматынын бөлүмдөрүн натыйжалуу башкарууну андан ары күчөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ош шаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан орду болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын кайра жайгаштыруу боюнча уюштуруу, каржы жана башка маселелерди чечсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
