Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №51 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 18 октября 2012 года №226 "Об установлении места дислокации Государственной пограничной службы Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-18.
КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 16-февралы ПЖ № 51 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу Чек ара кызматынын бөлүмдөрүн натыйжалуу башкарууну андан ары күчөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош шаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан орду болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын кайра жайгаштыруу боюнча уюштуруу, каржы жана башка маселелерди чечсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" жарлыгыУказ · 18.10.2012 · № 226 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ №364 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2010 · № 364 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу" жарлыгыУказ · 18.10.2012 · № 226 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон