# КР Президентинин 2010-жылдын 10-февралындагы ПЖ №38 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 10-февралындагы ПЖ №38 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4660/edition/368466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 10-февралындагы ПЖ №38 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө" жарлыгы (10.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60480

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 10-февралы ПЖ №38 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 6-пунктунун үчүнчү абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары дайындалсын:

- Шакиров Абдыгапыр - беш жылдык мөөнөткө Баткен облустук сотунун төрагалыгына;

- Чаканов Эдилбек Сайпидинович - беш жылдык мөөнөткө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына;

- Давлетбаева Мадина Акремовна - беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына;

- Жобонов Койчубек Касымович - беш жылдык мөөнөткө Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагалыгына.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
