# КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60469>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4649/edition/368011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60469.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгы (28.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60469

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 28-январы ПЖ №20 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөргө 2010-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин ай сайын берилүүчү стипендиясы 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин:

- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына;

- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинграддын коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга;

- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ай сайын берилүүчү стипендияны төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарын издеп тапсын.

3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
