# КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №19 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №19 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4648/edition/367566/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №19 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60468

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 28-январы ПЖ №19 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө Бул Жарлыктын аткарылышы тууралу КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы N 44 токтомун караңыз Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына, ошондой эле кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн баатырдыгын жана каармандыгын ызааттап, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөргө бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул бөлүнсүн:

- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

- Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;

- Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;

- Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек аскерине) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган адамдарга - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпулду төлөө үчүн зарыл акча каражаттарын тапсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
