# КР Президентинин 2010-жылдын 27-январындагы №16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 27-январындагы №16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4645/edition/367560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 27-январындагы №16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60465

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 27-январы ПЖ №16 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин80-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2010-жылдын 28-мартына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
