# КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ №13 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ №13 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4642/edition/367993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ №13 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы (26.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60462

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 26-январы ПЖ №13 Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президенти мурда кабыл алган чечимдерди 2010-жылдын 19-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункттун төртүнчү абзацындагы "биринчи жана жогорку квалификациялык класстар берилиши мүмкүн." деген сөздөр "биринчи квалификациялык класс берилиши мүмкүн." деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
