# КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 577
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4619/edition/440436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" жарлыгы (18.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60435

---

КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 14-декабры ПЖ № 577 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу (КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ №13 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын сот системасынын кадрдык потенциалын натыйжалуу калыптандыруу жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 17-беренесин турмушка ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши окутуу менен байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди эки айлык мөөнөттө чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот органдары менен эриш-аркак аракеттенүү боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ №13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
