# КР Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 570
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4613/edition/359699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө" жарлыгы (10.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60429

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 570

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Конгантиева Зарема Камбаралиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сулайманова Айнура Эртабылдиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токтогулова Гулзада Токторбаевна Баткен облустук сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
