Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 570
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Конгантиева Зарема Камбаралиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сулайманова Айнура Эртабылдиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токтогулова Гулзада Токторбаевна Баткен облустук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.