# КР Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 568 "Т.К.Жусубалиев, Т.Суранбаев жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 568 "Т.К.Жусубалиев, Т.Суранбаев жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 568
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4611/edition/435101/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 568 "Т.К.Жусубалиев, Т.Суранбаев жөнүндө" жарлыгы (10.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60427

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 568

Т.К.Жусубалиев, Т.Суранбаев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1-, 4-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө чечимдерин эске алып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр:

- Баткен облустук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Жусубалиев Табылды Кудайбердиевич - Кыргыз Республикасыны жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Суранбаев Турдубек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
