# КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы №561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсы кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы №561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсы кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 561
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4608/edition/1124631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы №561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсы кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60424

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 4-декабры ПЖ № 561 Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 22-беренесине ылайык, этил спиртин жана алкоголь продукциясын өндүрүүнүн сапатына контролдукту натыйжалуу камсыз кылуу, ылайыктуулукка баа берүү боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өлчөөлөрдүн анык эместигинин кесепеттеринен коргоонун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерин, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Өлчөөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" жана "Этил спиртин жана алкоголь продукциясын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр максатка ылайыктуу деп эсептелсин:

(КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгына ылайык күчүн жоготту);

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекцияны түзүү;

- Кыргыз аккредитациялоо борборун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо Борборуна кайра түзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:

- (КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгына ылайык күчүн жоготту);

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекцияны түзсүн;

- Кыргыз аккредитациялоо борборун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо Борборуна кайра түзсүн;

- төмөнкү Жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин:

(КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгына ылайык күчүн жоготту); Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекция жөнүндө; Кыргыз аккредитациялоо борборун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо Борбору жөнүндө;

- ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин жана зарыл чараларды кабыл алсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
