# КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 550 "З.Т.Мамытов, А.К.Сыдыков, Н.К.Эсеналиев жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 550 "З.Т.Мамытов, А.К.Сыдыков, Н.К.Эсеналиев жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 550
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4604/edition/382347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 550 "З.Т.Мамытов, А.К.Сыдыков, Н.К.Эсеналиев жөнүндө" жарлыгы (04.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60419

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 4-декабры ПЖ № 550

З.Т.Мамытов, А.К.Сыдыков, Н.К.Эсеналиев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

Мамытов Закирбай Торулуевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасынын орун басарлыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган; Сыдыков Акылбек Ишенбековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы № 266 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп которулган; Эсеналиев Нурбек Канатбековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы № 266 Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болуп которулган.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
