# КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 512 "Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 512 "Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 512
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4576/edition/381615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 512 "Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө" жарлыгы (13.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60389

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 512 Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда бюджеттик тармактын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына 2010-жылдын 1-январынан тартып 200 сом суммасында ар айдагы кошумча акы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:

- электр кубаты үчүн бюджеттик тармактын кызматкерлерине кошумча акыны төлөө үчүн зарыл болгон көлөмдө каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
