# КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4575/edition/381611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" жарлыгы (18.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60388

---

КР Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 132 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 511 Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2010-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктерди алмаштырган ар айлык акчалай компенсацияларды төлөө киргизилсин:

№

Жарандардын категориялары

Айына/сом

1.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары

7000

2.

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары

7000

3.

Советтер Союзунун Баатырлары жана Кыргыз Республикасынын Баатырлары, күжүрмөн эмгеги үчүн сыйлангандар жана күжүрмөн эмгеги үчүн Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар

7000

4.

Мурдагы концлагерлердин жашы жетелек туткундары

7000

5.

«Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар

7000

6.

Башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерде жарадар болгон майып-аскер кызматчылары

7000

7.

СССРди коргоодо же башка мезгилде аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракатынан, контузиясынан, мертинүүсүнөн же оорусунан улам майып болуп калган аскер кызматчыларынын ичинен адамдары

7000

8.

Башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттердин катышуучулары

6000

9.

Чернобыль АЭСиндеги апааттын айынан майып болуп калган жана нур оорусуна чалдыккан жана ооруган адамдар

3000

10.

1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар

2500

11.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган майыптыгы бар адамдар

2000

12.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонияларга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлоо менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандар

2000

13.

Социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча саясый жана диний ынанымдары үчүн репрессиянын кесепетинен жапа чеккен, реабилитацияланган жарандар

1500

14.

1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар

1000

15.

Чернобыль АЭСиндеги апааттын айынан курман болгон, нур оорусуна чалдыккан жана каза болгон майыптар

1000

16.

Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан (18 жашка чейинки) балдар

1000

17.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган майыптыгы жок адамдар

1000

18.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү

1000

19.

Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү

1000

20.

Кызматтык милдеттенмелерин жана кызматтык парзын аткаруу менен байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө учурунда алган жаракатынын, мертинүүсүнүн, оорусунун айынан кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштеринин кызматкерлеринин үй-бүлөсү

1000

21.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын, кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

1000

22.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

1000

23.

"Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган, майып деп таанылган адамдардын кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

1000

24.

"Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар

1000

25.

Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар

1000

2. Ар айлык акчалай компенсацияларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги аркылуу жүргүзүлсүн.

3. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган компенсацияларды төлөп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин:

- ушул Жарлыктын 1-пунктунан келип чыккан финансы, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- социалдык жеңилдиктердин колдонуудагы ченемдерин жокко чыгарууну караган "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;

- акчалай компенсацияларды төлөп берүү үчүн зарыл акча каражаттарын издеп тапсын жана "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
