# КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 510 "Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 510 "Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 510
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4574/edition/381609/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 510 "Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" жарлыгы (13.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 510 Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө Энергия булактарына тарифтер өзгөргөндүгүнө байланыштуу аскер кызматындагы пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Пенсияларынын орточо айлык өлчөмү 5000 (беш миң) сомдон ашпаган аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларынын өлчөмү 2010-жылдын 1-январынан тартып жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:

- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларына үстөк акы төлөө тартибин жана механизмин иштеп чыксын жана бекитсин;

- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсиялары жогорулашына байланыштуу зарыл каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
