# КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 493
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4562/edition/445901/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60375

---

КР Президентинин 2011-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 6-ноябры ПЖ № 493 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 7-9-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"7. Кеңеш 2 жылдык мөөнөткө 11 адамдан, анын ичинде Кеңештин төрагасынан жана анын орун басарынан түзүлөт.

8. Кеңештин толук курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

9. Кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт.";

- 10-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
