# КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 426 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 426 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 426
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4502/edition/1124621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 426 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60315

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ УКАЗ 2009-жылдын 26-октябры ПЖ № 426 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруу системасын жана органдарын реформалоого байланыштуу, аткаруу бийлик системасына кирбеген мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 7, 42-беренелерин жана 46-беренесиндеги 2-пункттун 9-пунктчасын жана 47-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борбору жоюлсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын турмушка ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясын жойсун;

- ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн органды жоюу боюнча комиссияны түзсүн, бул комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

К. Бакиев
