# КР Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 395 "З.А.Абдазов, М.Э.Ураимов жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 395 "З.А.Абдазов, М.Э.Ураимов жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 395
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4471/edition/374619/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 395 "З.А.Абдазов, М.Э.Ураимов жөнүндө"жарлыгы (22.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60284

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 22-октябры ПЖ № 395

З.А.Абдазов, М.Э.Ураимов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1-, 4-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө чечимдерин эске алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр:

- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Абдазов Закир Аписович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Ураимов Маратали Эргешович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
