# КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4429/edition/394272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60241

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 15-июлу ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын Концепциясын жана Планын андан ары турмушка ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) жогоруда аталган Жарлык менен жактырылган Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн Концепциясында:

- бүткүл текст боюнча «адистешкен» деген сөз алып салынсын;

- 2-пункттун отуз жетинчи абзацында:

«2009-жылдын экинчи жарымынан баштап» деген сөздөр «2010-жылдын 1-январынан баштап» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «2009-жылы 328,3 млн. сомго барабар болду» деген сөздөр «2010-жылы 693,3 млн. сомго барабар болот» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктта «Атайын депозитарий» деген сөз «Депозитарий» деген сөз менен алмаштырылсын;

б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын Планында:

- 3-пунктта:

бешинчи абзацта «2008-жылдын ноябры2009-жылдын январы» деген сөздөр жана цифралар «2009-жылдан июль - октябры» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын; сегизинчи жана он биринчи абзацтар алып салынсын; он үчүнчү абзацта «2008-жылдын ноябры2009-жылдын январы» деген сөздөр жана цифралар «2009-жылдын июль - декабры» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 6-пунктта:

«адистешкен» деген сөз алып салынсын, «февраль - апрели», «март апрели», «апрель - майы» деген сөздөр «июль-октябры» деген сөздөр менен алмаштырылсын; бешинчи абзац алып салынсын; жетинчи абзацта «пенсиялык топтоолорду инвестициялоого талаптарды» деген сөздөр «пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун эрежелерин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

8-пунктта «марты» деген сөз «октябры» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 9-пунктта «майы» деген сөз «декабры» деген сөз менен алмаштырылсын;

10-пунктта «майы» деген сөз «декабры» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
