# КР Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 295 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 295 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 295
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4420/edition/492678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 295 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60232

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 29-июну ПЖ № 295 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө Эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы N 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Бирдиктүү тарифтик торчого ылайык аныкталган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана материалдык дем берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2009-жылдын 1-октябрынан баштап тарифтик ставканын өлчөмү жогорулатылсын:

- жатак-үйлөрдүн жана социалдык кызмат көрсөтүү боюнча борборлордун кызматчыларына - 50 пайызга;

- социалдык кызматчыларга - 100 пайызга.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык 2009-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
