# КР Президентинин 2009-жылдын 10-июну ПЖ № 270 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 10-июну ПЖ № 270 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 270
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4407/edition/371844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 10-июну ПЖ № 270 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө" жарлыгы (10.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60218

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-июну ПЖ № 270 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө Кыргызстандын жарандарын патриотизм жана өлкөнүн мамлекеттик символдоруна урматтоо менен мамиле кылуу рухунда тарбиялоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан бекитилгендигин эске алып, ошондой эле 2009-жылдын 11-июнунда Мамлекеттик тууну Ала-Тоо аянтында атайын орнотулган флагштокто салтанаттуу көтөрүүгө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жыл сайын белгиленүүчү күнү деп белгиленсин.

2. Мыйзам менен жөнгө салынганга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолдо турушун камсыз кылуу менен республиканын Ала-Тоо аянтында атайын орнотулган флагштокто; Ош шаарынын Борбордук аянтында атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн, ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы ушул Жарлыктан келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
