Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 261 «Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 января 2012 года № 16" О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 4-июну ПЖ № 261 Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун ишин "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесинин 1-пунктунун негизинде токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун (мындан ары - Фонд) ишин баштоону камсыз кылуу максатында Фонддун жетекчи кызмат орундарына биринчи конкурс Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы тарабынан Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө жарыялана тургандыгы белгиленсин.
3. Фонддун жетекчи кызмат орундарына биринчи конкурсту өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы Фонддун жетекчи кызмат ордуна конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну ушул Жарлык күчүнө кирген күнү жарыяласын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-июнундагы № 261 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына биринчи конкурсту өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары -уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, конкурстук комиссиянын төрагасы; Жунушалиев Мелис Турусбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын талдоо кызматынын жетекчиси, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары; Турдумаматов Алмас Имамидинови - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыч гындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-кызматынын жетекчиси, конкурстук комиссиянын катчысы.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы; Молдошева Динара Автандиловна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; Элебаев Нурбек Беккулович - Кыргыз фонддук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы; Таранчиев Эрик Токбаевич - "Корпорациялык башкаруу жана өнүктүрүү институту" коомдук фондунун кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндөЗакон · 06.08.2007 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон