Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 14-майы ПЖ № 237 Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча чаралардын алкагында экономикалык иш субъекттерин укуктук жактан коргоону күчөтүү, текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү, ишкердиктин субъекттеринин ишине мамлекеттик контролдоочу органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42 жана 47-беренелерин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоочу, салык жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүлөрдү ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актылар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында жана ага баш ийген төмөн турган прокуратураларда катталгандан кийин жүргүзө тургандыгы белгиленсин, буга катталууга тийиш болбогон, биротоло тизмеси Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды берүү жана каттоо тартиби тууралу эрежелер менен белгиленүүчү актылар кирбейт.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдар "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарышына көзөмөлдү камсыз кылсын, Мыйзамды бузууга жол берген күнөөлүү жактарга карата катуу чараларды көрсүн;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу укук коргоочу, салык жана башка органдардын ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте ишкердиктин субъекттеринин ишин бардык текшерүүлөрүн эсепке алууну жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин жана алардын кабыл алынышын камсыз кылсын;
- Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды берүү жана каттоо тартиби тууралуу эрежелерди иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Президентинин 2010-жылдын 21-октябрындагы №252 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы "Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин…Указ · 21.10.2010 · № 252
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июнундагы № 281-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 237 "Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин…Распоряжение · 06.06.2009 · № 281-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы №591 "Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.09.2009 · № 591 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик…Постановление · 18.09.2009 · № 592 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №4 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүүгө укуктуу болгон ыйгарым…Постановление · 05.01.2011 · № 4 · Күчүн жоготкон