Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 27-апрели ПЖ № 211 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүгө өтө маанилүү тарыхый маани берип, кыргызстандык жоокерлердин баатырдыгын жана каармандыгын, ооруктун эмгекчилеринин кайратман эмгегин терең баалап, өлкөнүн өсүп келе жаткан муунун Мекенине берилгендиктин жана сүйүүнүн деминде патриоттук тарбия берүү, ошондой эле согуштун ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын белгилөө максатында:
- төмөнкүлөргө бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул бөлүнсүн:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына; 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердеги, геттолордогу жана башка мажбурлап кармоо жерлериндеги мурдагы жашы жете элек туткундарга - 3000 сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 1000 сом өлчөмүндө.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды уюштурсун;
- согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, эмгектин ардагерлерине, аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улгайган курактагы жарандарга бардык тараптан колдоо көрсөтүү үчүн республиканын бардык аймактарында кайрымдуулуктун бир айлыгын өткөрсүн.
3. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоонун алдында:
- 2010-жылдын 9-май күнү бүткүл элдик майрам катары белгиленсин;
- 2009-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы түзүлсүн;
- уюштуруу комитети Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктын 1- жана 3-пункттарынан келип чыгуучу финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер боюнча бөлүмүнө жана экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №270 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64…Постановление · 30.04.2009 · № 270
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №270 токтомуна "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку акчалай пособие төлөөнүн" тартибиПорядок · 30.04.2009 · № 270
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 821 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чаралар…Постановление · 29.12.2009 · № 821 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 451-б (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу…Распоряжение · 14.08.2009 · № 451-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча…Постановление · 28.01.2010 · № 44 · Күчүн жоготкон